ЛЕГАТО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:58, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) (Created page with "'''ЛЕГАТО''' (италянча legato – байланышкан) – бир добуштан экинчи бир добушка тынымсыз өтүү. Вокалд...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЕГАТО (италянча legato – байланышкан) – бир добуштан экинчи бир добушка тынымсыз өтүү. Вокалдык, аспаптык чыгармаларды аткарууда добуштарын созуп, бири-бири менен байланыштырып аткаруу. Ырдоодо, үйлөмө музыкалык аспаптарда ойноодо, добушту бир гана дем менен аткаруу, кылдуу жаалуу тартма аспаптардын жаасын бир гана (жогору же төмөн) тартуу. Эки нотаны бириктирген сызыкча белгиси.