ЛАВАБО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:38, 11 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) (Created page with "'''ЛАВАБО''', р а в а т, рабоб – кытайлыктардын (синьцзяндыктардын) чертме кылдуу элдик музыкалык а...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛАВАБО, р а в а т, рабоб – кытайлыктардын (синьцзяндыктардын) чертме кылдуу элдик музыкалык аспабы. Өзбекстанга жана Орто Азия, Индия өлкөлөрүндө да тараган. Лавабо жыгачтан чабылат, чарасы чөйчөк түспөлүндө келип, жаргак менен капталат. Моюну 21-23 ладдарга, беренелерге бөлүнгөн. Жалпы узундугу 950-1000 миллиметр. 5 кылдуу, тарамыштан жасалат. Жеке, ансамблде, эл аспаптар оркестринде ырларды жана башка чыгармаларды коштойт.