КОШНАЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:31, 11 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) (Created page with "'''КОШНАЙ''' (өзбекче куш-жуп, най-түтүк, камыш) – өзбек, тажиктердин байыркы үйлөмө музыкалык аспа...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОШНАЙ (өзбекче куш-жуп, най-түтүк, камыш) – өзбек, тажиктердин байыркы үйлөмө музыкалык аспабы. Добушу жагынан кларнет түркүмүнө кирет. Камыштан, жыгачтан жана башкадан жасалат. Жалпы узундугу 250-300 миллиметр. Добуш чыгара турган огу бар. Жети көзөнөктүү, жалгыз чымылдактуу. Добуш катары биринчи, экинчи октаваны ээлейт, жеке, аспаптык ансамблдерде, эл аспаптар оркестринде ойнолот.