КОРНЕТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:24, 11 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) (Created page with "'''КОРНЕТ''', цинк (латынча corni – керней, мүйүз керней) – Францияда пайда болгон. Аны өркүндөткөндө...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРНЕТ, цинк (латынча corni – керней, мүйүз керней) – Францияда пайда болгон. Аны өркүндөткөндөн кийин почта чоору деп аташкан. Корнет жезден түтүгү ийилип жана түз жасалат. 7 көзөнөгү бар. Жалпы тулкусунун узундугу мүштөксүз 295-320 миллиметр. XIX кылымдын аягынан тартып опералык жана симфониялык оркестрлердин курамында ойноло баштайт. Кийинчерээк үйлөмө оркестрлердин башкы аспаптары катары негизги партияларды ойнойт, ошентип корнет туба музыкалык аспабын алмаштырат.