КҮЙГӨН ыр түрү

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:07, 11 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) (Lera moved page КҮЙГӨН to КҮЙГӨН ыр түрү) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КҮЙГӨН – кыргыздын оозеки адабий-музыкалык ашыктык, сүйүү лирикалык ырларынын бир түрү. Күйгөн ырларында бозойдун, селкинин сүйгөнүнө жетпей арманда калган кусасы, өкүнүчү, ички муң-зары муңкаган обондо ырдалган. Күйгөн ырларынын жаратуучулары карапайым калктын арасынан чыккан ырга шыктуу уландар, кыздар, төкмө акындар, ырчылар жана башкалар болушкан. Залкар обончу, төкмө акын Боогачы күйгөн ырларынын атасы аталган. Анын 1927-жылы «Күйгөн» аттуу жыйнагы Фрунзеден араб тамгасында басылып чыккан. Күйгөн ырлары комуздун жана башка эл аспаптарынын коштоосунда жана коштоосуз аткарылган. Элдик жана Боогачынын күйгөнүнүн үлгүсүндө ондогон обончулар, акындар күйгөндүн жаңы үлгүлөрүн жаратышты.