КЕМАНЧА музыкалык аспап

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:02, 11 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) (Created page with "'''КЕМАНЧА''', кяманча (персче кеман – жаа) – азербайжан, армян, грузин жана дагестандыктардын бай...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕМАНЧА, кяманча (персче кеман – жаа) – азербайжан, армян, грузин жана дагестандыктардын байыркы жаалуу тартма музыкалык аспабы. Ошондой эле Орто жана Жакынкы Чыгыш элдеринин да музыкалык аспабы. Кеманча тулкусу жыгачтан чабылат. Чарасы жука, балыктын териси менен капкакталат. Моюну узун, ичке буту темирден, кеманча тизеге коюп, жерге коюп отуруп ойнолот. Кеманча 2, 3, 4 кылдуу болот. Жалпы узундугу 850-900 миллиметр. Жеке, ансамблде, эл аспаптар оркестринде ойнолот. Ырларды, аспаптык чыгармаларды коштоого алат.