КАЗАЧОК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:44, 11 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) (Created page with "'''КАЗАЧОК''' – украиндик, кубандык казактардын эл бийи. Музыкалык өлчөмү 2/4. Жандуу, шаңдуу, төкмө...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЗАЧОК – украиндик, кубандык казактардын эл бийи. Музыкалык өлчөмү 2/4. Жандуу, шаңдуу, төкмө мүнөздө. Бий Украиналык казактардын арасына кеңири тараган. Адатта, жубу менен бийлейт. Кыз алып жүрөт, жигит болсо анын кыймылын кайталайт. Алмашарда кыз колун чаап белги берет. Биринчи жолу казачок XVII кылымдын биринчи жарымында иштеп чыккан польшалык композитор С. Дусяцкой, орус жазма булактарына казачок музыкасы. XVIII кылымдын экинчи жарымында казачок француздардын балет сахнасында пайда болгон. 1820-жылы калк арасына казачок өтө кеңири жайылган.