КАДЕНЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:43, 11 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) (Created page with "'''КАДЕНЦИЯ''', каданс (италянча cadanta – түшүү, бүтүү) – 1. музыкалык чыгарманы же анын бөлүгүнүн түз...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАДЕНЦИЯ, каданс (италянча cadanta – түшүү, бүтүү) – 1. музыкалык чыгарманы же анын бөлүгүнүн түзүлүшүн аяктаган гармониялуу же обондуу кайрык. Каденциянын негизин аспаптык концерттин жеке аткарылган жана кандайдыр музыкалык чыгарманын ичине кирген кубултмалуу мүнөздөгү эркин төкмөчүлүк түзөт. Адегенде каденция кубулта ойноочулардын чыгармаларына кошумча катары киргизилсе, Бетховенден баштап композиторлор өз чыгармаларында каденциянын так өзүн берген. Каденция фортепьяно, скрипка жана башка аспаптар үчүн жазылган чыгармаларда жолугат.