КАВАТИНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:40, 11 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) (Created page with "'''КАВАТИНА''' (италянча cavatina – алуу) – лирикалык баяндама түрүндөгү чакан ария; обону жөнөкөй, ыр...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАВАТИНА (италянча cavatina – алуу) – лирикалык баяндама түрүндөгү чакан ария; обону жөнөкөй, ыргактуу, кыялкеч маанайда ырдалат. Мисалы, Римский-Корсаковдун «Аяз кызындагы» Берендейдин каватинасы. Ал эми Глинканын «Руслан менен Людмила» операсындагы Людмиланын каватинасы формасы жагынан таталыраак. Кээде обондуу аспаптык чакан пьеса да каватина деп аталат.