КАВАЛ үйлөмө музыкалык аспап

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:39, 11 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) (Lera moved page КАВАЛ to КАВАЛ үйлөмө музыкалык аспап) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАВАЛ (болгарча кавал, албанча kavall, румынча caval – флейта) – болгар, албан, румын, молдаван элдерине кеңири тараган үйлөмө, 6-8 көзөнөктүү музыкалык аспап. Анын бир түрү жыгачтан жасалган флейта. Узундугу 500дөн 900 миллиметрге чейин. Жеке, ансамблге, эл аспаптар оркестрине кошулуп аткарылат. Диапазону 2,5 октаваны түзөт.