ИНТЕРМЕЦЦО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:36, 11 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) (Created page with "'''ИНТЕРМЕЦЦО''' (латынча intermezzo – ортосунда, арасында, аралыгында турган) – 1. Түрмөктүү чыгарманы...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНТЕРМЕЦЦО (латынча intermezzo – ортосунда, арасында, аралыгында турган) – 1. Түрмөктүү чыгарманын негизги бөлүктөрүнүн аралыгын түзүүчү аспаптык пьеса (Р. Шуман, оркестр менен фортепьяно үчүн концерт) же бир бөлүмдүү композициянын негизги бөлүктөрүнүн аралыгы (триого окшогон; Р. Шуман, фортепьяно үчүн жазылган 11-сонатадан скерцо); 2. Өз алдынча эркин түзүлгөн аспаптык пьеса (И. Брамс. М. Регер жана башкалар).