ИГИЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:30, 11 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) (Created page with "'''ИГИЛ''', икили – тувалыктардын эң байыркы жаалуу тартма эки кылдуу музыкалык аспабы. Алтайлыкт...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИГИЛ, икили – тувалыктардын эң байыркы жаалуу тартма эки кылдуу музыкалык аспабы. Алтайлыктарга икили, хакастарга ыых менен аттарда тараган. Тулкусу жыгачтан чабылып, чарасы жаргак менен капкакталат. Эки кылдуу, квартага күүлөнөт. Аспаптын жалпы көлөмү 800-900 миллиметр. Кыргыздын кыл кыягынын жаасына окшош жаа менен тартып ойнолот. Обондорду, күүлөрдү бир кыл менен ойнойт, экинчиси аны коштоого алат. Анын коштоосунда жеке ырлар аткарылат. Башка элдик музыкалык аспаптар кошулуп, ансамблерде, оркестрлерде ойнолот.