ЗИНГШПИЛЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:15, 11 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗИНГШПИЛЬ (немисче singen – ырдоо, spiel – оюн) – ыр, бий, сөз диалогдору кезмектешип аткарылган немистердин комедиялык операсы. Анда феодалдык коомдогу шаар менен кыштактын ортосундагы айырмачылыктар, теңсиздиктер, нравалык жана кедейлердин жашоосундагы терс көрүнүштөр баяндалган. Ал 1752-жылдан тартып жеке жанр катарында өнүгө баштайт (мисалы, И. Штандфустун «Эркиндиктеги шайтан» аттуу комедиялык операсы). Зингшпиль өзгөчө композитор И. Гиллердин жана башкалардын чыгармачылыгында кеңири өнүгөт. Бул жанрдын адабий жагынан өнүгүшүнө Гёте айрыкча салым кошкон. Дүйнөлүк ысымдагы композитор А. Моцарт да зингшпилдин өнүгүшүнө баалуу салым кошкон.