ДУДУК үйлөмө музыкалык аспап

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:06, 11 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) (Created page with "'''ДУДУК''', дудуки – кавказ элдерине (өзгөчө грузин, армяндардын арасына) кеңири тараган кош чымы...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДУДУК, дудуки – кавказ элдерине (өзгөчө грузин, армяндардын арасына) кеңири тараган кош чымылдактуу үйлөмө музыкалык аспап. Узундугу 300 миллиметр, капталында 9 көзөнөгү бар. Адатта дудук ойнолгондо, бир аткаруучу чыгарманын обонун, экинчиси такай бир добушту ойнойт. Дэф; награ катышкан ансамблде ойнолот. Ал эми грузиндердин мамлекеттик ыр жана бий ансамблиндеги оркестрдик топто башкы үйлөмө аспап катары милдет аткарат.