ДИПЛИПИТО, НАГРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:50, 11 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) (Created page with "'''ДИПЛИПИТО''', '''НАГРА''' – грузиндердин урма музыкалык аспабы. Ылайдан жасалган 2 карапа. Үстүнө...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИПЛИПИТО, НАГРА – грузиндердин урма музыкалык аспабы. Ылайдан жасалган 2 карапа. Үстүнө жаргак тартылган. Анда-санда үчүнчү кичинекей карапа кошулуп ойнолот. Жылытып күүлөйт. Бул добуштардын катуу чыгышын арттырат. Эки жыгач таякча менен ургулап ойнойт. Кээде коңгуроолор да илинет. Эл аспаптар оркестринин курамында ойнолот.