ДИ музыкалык аспап

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:45, 11 ноябрь 2025 карата Lera (талкуу | салымы) (Created page with "'''ДИ''' – кытайлыктардын байыркы үйлөмө музыкалык аспабы. Туурасынан кармап ойнолот, бамбуктан...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИ – кытайлыктардын байыркы үйлөмө музыкалык аспабы. Туурасынан кармап ойнолот, бамбуктан жасалат. 12 көзөнөккө чейин оюлат. Азыркы мезгилде ди цюйди, банди деген эки түрү ойнолот. Жалпы турпаты, түзүлүшү жагынан кыргыздын сурнайына, тажик, өзбектердин найына түспөлдөш.