ДАУЛПАЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:43, 11 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) (Created page with "'''ДАУЛПАЗ''', дабыл – казактардын эң байыркы урма музыкалык аспабы. Кыргыздарга добулбас, өзбект...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДАУЛПАЗ, дабыл – казактардын эң байыркы урма музыкалык аспабы. Кыргыздарга добулбас, өзбектерге чиндаул, азербайжандарга награ, нагора, грузиндерге доли, армяндарга доол же дохор, молдавандыктарга тумбелик деген аталыштарда жана түрк тилдүү элдердин арасына да кеңири тараган. Даулпаз, цилиндр кейпинде, үстү төөнүн жаргагы менен капталат. Ал негизинен ат үстүндө ээрдин кашына илип коюп кагылган. Даулпаз улуу жеңиштерди салтанаттаганда, чоң салгылаштарга кирип баратканда, аңчылык уулоодо ойнолгон. Советтер доорунда даулпаз өркүндөтүлүп, Курмангазы атындагы казак эл аспаптар оркестринде колдонулган.