ДАЛА ФАНДЫР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:41, 11 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) (Created page with "'''ДАЛА''' '''ФАНДЫР''' – осетиндердин 2 жана 3 кылдуу чертме музыкалык аспабы. Тулкусу түз, үч бурчту...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДАЛА ФАНДЫР – осетиндердин 2 жана 3 кылдуу чертме музыкалык аспабы. Тулкусу түз, үч бурчтуу жыгачтан чабылган тактай менен капкакталган, кичинекей көзөнөктөрү бар, моюнунда ладдары (беренелери) жок. Жалпы узундугу 800-850 миллиметр. 1940-жылы оркестр үчүн өркүндөтүлгөн (пикколодон контрабаска чейин), 13төн 15ке чейинки беренелери бар. Түштүк Осетин автоном облусунун ыр жана бий ансамблинде ойнолот.