ГЛИССАНДО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:29, 11 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) (Created page with "'''ГЛИССАНДО''' (французча glisser - сыйгалануу) – кылдуу, клавишалуу музыкалык аспаптарды өзгөчө жең...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЛИССАНДО (французча glisser - сыйгалануу) – кылдуу, клавишалуу музыкалык аспаптарды өзгөчө жеңил жана өтө тез, манжаларды сыдыра сыйгалантып ойноо ыкмасы. Алсак, арфанын, скрипканын кылдарын фортепьянонун клавишаларын өтө ыкчам манжалар жүгүртүлүп аткарылат. Кыргыз комузчулардын чыгармачылыктарында глиссандрода ойноо күчтүү өнүккөн. Мисалы, Ныязаалы, Токтогул, Атай жана башкалар глиссандо ыкмасын алып чертишкен.