АРАЛАШ ЧЕРТМЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:31, 14 Апрель (Чын куран) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) (Created page with "'''АРАЛАШ ЧЕРТМЕ –''' комузчулар күүлөрдү, обондорду чертүүдө пайдалануучу ыкмалардын бири. Арал...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАЛАШ ЧЕРТМЕ – комузчулар күүлөрдү, обондорду чертүүдө пайдалануучу ыкмалардын бири. Аралаш чертмеге бардык манжалар катышат да, бир эле мезгилде «кол ойнотмо», «терип чертме», «чымчып чертме» өңдүу бир нече ыкмалар колдонулат. Аралаш чертмеде күү же обон мукамдуу, уккулуктуу келип, түркүн кайрыктарга, үндөшүүлөргө бай болот.