АГОГИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:01, 14 Апрель (Чын куран) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) (Created page with "'''АГОГИКА''' (грекче ''agoge –'' алып өтүү) – музыкалык чыгарманы аткарууда белгиленген темптен жанa...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АГОГИКА (грекче agoge – алып өтүү) – музыкалык чыгарманы аткарууда белгиленген темптен жанa ченден бир аз жайлантуудан, ылдамдатуудан чектоо. Бул чыгарманын көркөмдүк кереметин арттырууга багытталат. Термин 1884-жылы Х.Риман тарабынан киргизилген. Бул четтөөлөр ритмикалык калыпты түзгөн ноталардын маанисин өзгөртпөйт (узундугу бир топ узун болушу мүмкүн) жана адатта нотага жазылбайт. Терминдин автору Хуго Риман агогикалардын негизги принциби катары күчтүү моменттердин узактыгын жай аткаруунун эсебинен көбөйтүү деп эсептеген.