БАЖЫКАНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:59, 5 март 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЖЫКАНА – чек арадан алып өтүлүүчү жүктү (анын ичинде багаж жана почта менен жөнөтүлгөн) контролдоочу мамлекеттик мекеме. Мында өткөрүлгөн жүк үчүн бажы жана башка жыйым алат. Бажыкана негизинен деӊиз жана дарыя портторунда, эл аралык аэропорттордо, чек ара пункттарында жана темир жол станцияларында, өлкөнүн ири шаарларында жайгаштырылат.