АУТОГЕН МИНЕРАЛДАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:52, 12 сентябрь 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АУТОГЕН МИНЕРАЛДАРЫ (гр. autigenes ‒ пайда болушу жергиликтүү) ‒ седиментация процессинен же чөгүндүлөрдүн алгачкы тунган жеринде калган кийинки өзгөрүүлөрүнөн пайда болгон чөкмө тоо тек минералдары. Аларга ар түрдүү карбонаттар, чополуу жана кенташ (руда) минералдары, эрүүчү туздар, кварц, барит, целестин, талаа шпаты ж. б. кирет. Чөкмө тоо тектердин пайда болуу шарттарын жана алардын кандай өзгөрүү процесстерине учураганын изилдөөдө Аутоген минералдарынын мааниси чоӊ.