АТМОСФЕРА ФИЗИКАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:13, 24 февраль 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТМОСФЕРА ФИЗИКАСЫ‒ атмосферада болуучу физикалык кубулуштар менен процесстерди изилдөөчү илим. Ал атмосферада жылуулуктун таралышын, абанын ысышын же муздашын, агымын, буулануу жана конденсациялануу процесстерин, жаан-чачындын пайда болушун, атмосферадагы оптикалык, электрдик, акустикалык жана башка кубулуштардын себептерин, алардын өз ара байланыштарын физикалык же анализдик жолдор менен аныктайт. Атмосфера физикасы метеорологиянын көп тармактары менен тыгыз байланышкан, кара. Метеорология .
Ад.: Хргиан А. Х., Физика атмосферы. Л., 1969.