АСКЕРДИК АНТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:58, 3 июль 2022 карата 497-555>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

– КРдин куралдуу күчтөрүнүн катарына кызмат өтөөгө чакырылган жарандардын салтанаттуу убадасы; Мекенге, элге берилгендигин билдирүү. Жоокер Мекенинин ар

Салтанаттуу ант берүү аземи.


намысын, эркиндигин, көз карандысыздыгын коргоого, ак ниет болууга, Мекени үчүн каныжанын аябоого ант берет. А. а. КРдин Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилет. Жаш аскерлер баштапкы даярдыктан өткөндөн кийин, эки айлык мөөнөт ичинде А. а. беришет. Ант берүү бөлүктүн командиринин жетекчилиги м-н салтанаттуу өткөрүлөт.