АСКЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:50, 4 июль 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

– I) мамлекеттин куралдуу күчү ж-дө жалпы аталыш, 2) кээ бир мамлекеттердин армияларында катардагы жоокерлердин наамы. Көчмөн элдерде, а. и. кыргыздарда аскерлердин түрүнө, курамына карата атчан А., жөө А., ал эми түзүлүшү боюнча ондук, жүздүк, миңдик, түмөн, кошуун, кол ж. б. болуп бөлүнгөн. Аскер башчыларды он башы, жүз башы, миң башы, түмөн башы, колбашчы ж.б. деп аташкан.