АРХИМЕД
АРХИМЕ́Д ― (болжолу б. з. ч. 287 – 212, Сиракузы ш.) – байыркы грек илимпозу, математик жана механик. Статика менен гидростатиканы негиздөөчү. Ил. иштерин механик жана техник катары баштаган. Беттер аянтынын, ар кандай нерсе жана фигуралардын көлөмүн табуу методун өркүндөткөн. Ал физика-математика илимд. алгачкы окумуштуусу, механиканы илим катары түзүүчүлөрдүн бири. Ага ар түрдүү тех. ойлоп чыгаруулар тийиштүү. Ал π санынын маанисин өтө тактыкта Failed to parse (SVG (MathML can be enabled via browser plugin): Invalid response ("Math extension cannot connect to Restbase.") from server "https://wikimedia.org/api/rest_v1/":): {\displaystyle 3\frac{10}{71}<\pi<3\frac{1}{7}} эсептеп чыккан жана нерсенин оордук борборун тапкан. Рычагдар законун матем. жол менен чыгарган. Анын акыркы эмгеги сууга матырылган нерсенин тең салмактуулугун изилдөө болгон. Архимед винти деп аталган суу көтөргүч механизмди ойлоп тапкан.