АРХИМЕД
АРХИМЕ́Д ― (болжолу б. з. ч. 287 – 212, Сиракузы ш.) – байыркы грек илимпозу, математик ж-а механик. Статика м-н гидростатиканы негиздөөчү. Ил. иштерин механик ж-а техник катары баштаган. Беттер аянтынын, ар кандай нерсе ж-а фигуралардын көлөмүн табуу методун өркүндөткөн. Ал физика-математика илимд. алгачкы окумуштуусу, механиканы илим катары түзүүчүлөрдүн бири. Ага ар түрдүү тех. ойлоп чыгаруулар тийиштүү. Ал π санынын маанисин өтө тактыкта Failed to parse (SVG (MathML can be enabled via browser plugin): Invalid response ("Math extension cannot connect to Restbase.") from server "https://wikimedia.org/api/rest_v1/":): {\displaystyle 3\frac{10}{71}<\pi<3\frac{1}{7}} эсептеп чыккан ж-а нерсенин оордук борборун тапкан. Рычагдар законун матем. жол м-н чыгарган. Анын акыркы эмгеги сууга матырылган нерсенин тең салмактуулугун изилдөө болгон. Архимед винти деп аталган суу көтөргүч механизмди ойлоп тапкан.