АРАЛЫК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:11, 12 сентябрь 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАЛЫК– мааниси кандай объект үчүн аныкталып жаткандыгына көз каранды болгон геометриялык түшүнүк. Эки чекиттин арасындагы Аралык аларды туташтырган кесиндинин узундугу. Чекиттен түз сызыкка (же тегиздикке) чейинки Аралык – берилген чекиттен берилген түз сызыкка (тегиздикке) түшүрүлгөн перпендикулярдын кесиндисинин узундугу. Жарыш түз сызыктардын (тегиздиктердин) арасындагы Аралык – бул түз сызыктарга (тегиздиктерге) жүргүзүлгөн жалпы перпендикулярдын кесиндисинин узундугу.