БУУ БАЛКАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:19, 27 март 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУУ БАЛКАСЫ – металлды согуп чыӊоого арналган кубаттуу урма механизм. Дөшүнүн милдетин аткарган, массивдүү рамага коюлуп, тик орнотулган буу цилиндринен турат. Цилиндрге буу поршендин каалаган жагынан берилиши мүмкүн, ал эми балка поршендин сабынын төмөнкү учуна бекитилет. Балка өйдө көтөрүлөт да, чоӊ ылдамдык ж-а зор күч м-н төмөн карай катуу түртүлүп, металлды урат. Б. б. абдан так башкарылгандыктан, керек учурда өтө акырын урганга мүмкүндүк берет.