БУТАДИЕН КАУЧУГУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:19, 27 март 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУТАДИЕ́Н КАУЧУГУ , д и в и н и л к а у ч у г у – бутадиендин полимерленишинен алынган синтездик каучук. Табигый каучуктар сыяктуу эле ал узун макромол. тизмектүү, кээде бутактанган түзүлүштө болот да, жүз миӊден миллионго чейинки орточо мол. массага ээ. Полимерлөөнүн шартына жараша цис- ж-а транс- (изомер) түзүлүштө болот. Жегич металлдардын катышуусунда негизинен транс- түзүлүштөгү натрий бутадиен каучугу алынат. Бул каучук 1927-ж. С. В. Лебедевдин ыкмасы б-ча СССРде 1-жолу этил спиртинен синтезделип алынган бутадиенди натрийдин катышуусунда полимерлөөдөн алынган. Андан табигый каучукка караганда ийилгич, бышык резиналар пайда болот. Шина, ташыгыч тасма, суукка чыдамдуу бышык буюмдарды, тиричиликке керектүү резиналарды алууда колдонулат.