БУРГУ ШЛАМЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:19, 27 март 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУРГУ ШЛАМЫ – тоо тектерде көзөнөктөрдү (скважиналарды) бургулоо учурунда пайда болгон сүрүндү-сынык майда бөлүкчөлөрдүн суу аралаш топтондусу. Сыртка көзөнөктү ж-а анын түбүндө (забоюнда) чоӊ ылдамдыкта тегеренип тек жемирген көзөгүчтөрдү жууп тазалаган илээшкек чопо-ылай эритинди же атайын аспаптардын жардамы м-н көтөрүлүп чыгып турат. Бургулоо керн алынбай жүргүзүлгөн учурларда, тереӊдикте таралган тектердин курамына байкоо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.