АЛА ГҮЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:05, 25 январь 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 (Viola) ‒ өсүмдүктөрдүн ала гүлдүүлөр тукумундагы көп жылдык, кээси бир жылдык чөп же чалабадал. Сабагынын уз. 15‒20 см. Гүлү кызгылт көк, ак же сары, жыпар жыттуу. 500дөй түрү белгилүү. Алардын ичинен алтай жыпар жыттуу ж-а үч түстүү А. г. кеӊири таралган. Алтай А. г. тоо шалбааларында, Алтай тундрала рында, Теӊир-Тоодо өсөт. Кырг-нда гүлзарларда өстүрүлөт. Көп жылдыгынан эфир майы алынат.