ГАЗ КУУРУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 25 март 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЗ КУУРУ, г а з т ү т ү г ү – күйүүчү газды кен ордунан же өндүрүштөн керектелүүчү жерге жеткирүүчү курулма. Газ өткөрүмдүүлүгү куурдун диаметрине жараша болот. Куурдун эӊ чоӊ диаметри 1420 мм (Россияда). Дүйнөдөгү магистралдык газ куурларынын жалпы уз. 900 миӊ кмдей. Кырг-ндан Бухара–Чымкент–Тараз–Бишкек–Алматы Г. к. өтөт, к. Газ жүргүч.