ГАЗДАН САКТАНУУЧУ ЖАЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 25 март 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЗДАН САКТАНУУЧУ ЖАЙ – кишилерди хим. уу заттардын таасиринен сактоочу, атайын жылчыксыз жабдылган жай. Душман кыйратуучу каражаттарды колдонгон учурда өздүк коргонуу каражаты жок адамдарды узак мөөнөткө кармоо үчүн ыӊгайлаштырылып курулат. Ал чыпкалоочу, желдетүүчү, жылытуучу, жарык берүүчү приборлор, жатуучу жайлар (койкалар), суу м-н камсыз кылуу ж-а канализация системасы м-н жабдылат.