АГРОТОКОЙ МЕЛИОРАЦИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:22, 12 сентябрь 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АГРОТОКОЙ МЕЛИОРАЦИЯСЫ, т о к о й м е л и о р а ц и я с ы ‒ токой өстүрүүчүлүк жана мелиорациялык чаралар ситемасы. Токой тигилген жерлерде шамал басаӊдап, кар жана суу токтойт. Микроклимат өзгөрөт, топурак бузулбай, топурактын нымдуулугу көбөйөт, анын натыйжасында топурактын күрдүүлүгү артат. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү көбөйөт. Агротокой мелиорациясы агрономия, ботаника, топурак таануу, геология, метеорология, токой таануу илимдери менен тыгыз байланыштуу. Кыргызстанда бул максат менен тигилген токойлордун аянты 3 миӊ гадан ашык.