АВТОТОМИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:19, 12 сентябрь 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВТОТОМИЯ (авто… жана гр. tome ‒ кесүү) ‒ кээ бир жаныбарлардын өтө чочуп корккондо дене бөлүгүнүн кесилип үзүлүшү. «Автотомия» терминин бельгиялык физиолог Л. Фредерик киргизген (1883). Автотомия омурткасыз жаныбарларда көп учурайт. Мисалы, актиния тинтүүрү, рак кыпчууру, омурткалуу жаныбарлардан кескелдириктин куйругу кесилип үзүлөт. Бул рефлекстик процесс болгондуктан, ар бир жаныбарда Автотомия органдын белгилүү бир жеринде болот. Мисалы, кескелдириктин Автотомиясын жүлүндө жайгашкан нерв борбору башкарат да, кемирчек пластинкасы жайгашкан омуртканын булчуӊу кескин кыскарганда куйругунун учу үзүлөт. Дененин кесилген жеринен кайра «жаӊысы» өсүп чыгат.