АБСУРД ТЕАТРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:38, 11 сентябрь 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБСУРД ТЕАТРЫ - Батыш Европанын театрындагы, драматургиядагы агым. Францияда 1950-жылдардын башында пайда болгон. Абсурд театрына күтүүсүз, маанисиз сюжеттер, каармандардын эпсиз кылык-жоругу, ошондой эле кызыксыз жашоону, максаттардын ишке ашпоосун сезүү мүнөздүү. Абсурд театрынын көрүнүктүү өкүлдөрү Эжен Ионеско, Сэмюэль Беккет.