ЖОМОКЧУЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:20, 22 июль 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОМОКЧУЛАР – жомок айтуучулар, мерчемдүү репертуары бар чебер аткаруучулар. Кыргыз оозе­ки чыгармачылыгында кара сөз түрүндө айтылган «Акыл Карачач», «Чык татырбас Чынарбай», «Жети таз менен жеке таз» ж. б. жомокторду эл арасында жайылткан сөзмөр адамдарды жөө жомокчулар деп аташкан. Жалпысынан кыр­гыз эл эпосторун, дастандарды аткаруучуларды, манасчыларды да жомокчулар дешкен.