БОЛЕРО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:54, 14 июль 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЛЕРО́ – испан эл бийи. XVIII кылымдын аягында пайда болгон. Жеке же эки киши орто ылдамдыкта бийлейт. Болеро опера жана балетте да пайдаланылган. Адатта кастаньетта менен гитаранын үнү коштойт. Көп композиторлор болерого кайрылып, анын ыргагында романстарды, арияларды, аспаптык пьесаларды жана симфониялык поэмаларды жаратышкан. Өзгөчө белгилүүсү М. Равелдин оркестр үчүн «Болеросу».