БИМЕТАЛИЗМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:07, 10 март 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИМЕТАЛИ́ЗМ (лат. bi – эки ж-а металл) – мыйзамдуу төлөм каражаты, эки металл – ал­тын ж-а күмүш акча системасы. Бул металл­дардан жасалган тыйындар бирдей негизде жү­гүртүлөт. Орто кылымда Европада кеңири тара­ган. Күмүш арзандагандан кийин (19-кылымдын аягында) дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрү күмүш тыйынды эркин жасоону токтотушкан. Ал­тындын күмүшкө караганда акча материалы ка­тары артыкчылыгы 19-кылымдын аягынан тартып алтын монометализмине өтүүгө шарт түздү.