ГОЗОПАЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:48, 27 январь 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГОЗОПАЯ – пахта аӊызындагы пая. Ар га аӊызда 3–6 тга чейин гозопая калат. Айрым жерде ал жер семирткич катары айдалып ташталат. Өнөр жайда сапаттуу кагаз, картон, курулуш материалдарын чыгаруу үчүн колдонулат. Гозопаяны жергиликтүү эл отун катары да пайдаланат.