ГЕРКОН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:41, 17 сентябрь 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕРКО́Н, ж ы л ч ы к с ы з к о н т а к т – жылчыксыз айнек баллонго орнотулган ферромагнит материалынан жасалган пружина контакттуу туташтыргыч. Айнек түтүккө атайын газ толтурулганда контакт туруктуу иштейт. Электр-магнит орому аркылуу туруктуу ток өткөндө, магнит талаасы пайда болуп, контакттар биригет. Ток жүрбөй калганда же азайганда, жалпак контакттар өздөрүнүн серпилгич күчүнүн аракетинен улам кайра ажырайт. Геркон электр тизмегин туташтыруучу, кайра бириктирүүчү ж-а ажыратуучу болуп айырмаланат. Ал телефонияда (реледе, коммутатордо ж. б.), эсептөө техникасында (логикалык, суммалоочу элементтерде ж. б.) колдонулат.