МУНАРА КРАНЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:35, 26 ноябрь 2026 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУНАРА КРАНЫ — мунарага орнотулган, ай­ланма жебелүү жана көтөргүч лебедкалуу кран. Жүк бурулуучу платформада көтөрүүчү, бурулуу­чу жана кранды жүктүн таасиринен болуучу ийилүү моментинен сактоо үчүн каршы салмак болуп эсептелет. Каршы салмак крандын мас­сасын бир кыйла азайтат. Кранды башкаруучу адамды түшүрүү үчүн крандын лифти болот. Мунара краны, негизинен, курулушта бийик имарат куруу­да колдонулуп, туруктуу орнотулган (стацио­нардык) жана жылып турма болуп бөлүнөт. Кый­мылдуу кран жердин үстү, негизинен рельс менен жүрөт. Мунара краны имарат, кеме курууда курулуш ма­териалын берип турат. Жылып турма мунара кранынын жүк көтөрүмдүүлүгү 100 т, стационардык мунара краныны­кы - 400 тга, көтөрүү бийиктиги 150 мге, жебенин айлануусу 50 мге жетет.