МУЗЫКАЛЫК ФОРМА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:10, 26 ноябрь 2026 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУЗЫКАЛЫК ФОРМА - кең мааниде музыкалык чы­гарманын идеялык-эмоциялык мазмунун туюн­дурган музыкалык маанилүү ыкмалардын (обон, ыр­гак, темп, гармония жана башкалар) жыйындысы. Музыкалык чыгарманын көркөмдүгү анын мазмуну менен фор­масынын биримдигине байланыштуу. Тар маа­ниде - музыкалык форма музыкалык чыгарманын композициялык планы, анын түзүлүшү. Музыкалык форма ар кандай чыгар­мада ар түрдүү болгондугуна карабастан, тары­хый калыптанган туруктуу жалпылык, мисалы, сонаталык, вариациялык, рондо, фуга,

полифо­ниялык дагы ушул сыяктуу, ошондой эле циклдик формалар (со­ната, сюита, прелюдия, фантазия) бар. Цикл­дик форма ар түрдүү музыкалык формада жазылат (көлөм­дүү, полифониялык). Сонаталык форма соната­да, симфонияда, квартетте, концертте болот. Кө­лөмдүү вокалдык-симфониялык (оратория, кантата, мес­са) жана музыкалык-сахналык чыгармалар (опера, ба­лет) бир нече бөлүмдөн турат. Алардын ар бири (увертюра, ария, ансамблдер) белгилүү музыкалык формада жазылат (мисалы, ария рондо формасында).

Ад.: Способин И. В. Музыкальная форма. 5-е изд. М., 1984; Холопова В. Н. Формы музыкальных произведений. М., 2006; Холопов Ю. Н. Введение в музыкальную форму. М., 2008.