МУЗЫКАЛЫК ТҮЗҮЛҮШ
МУЗЫКАЛЫК ТҮЗҮЛҮШ - добуштардын бийиктик өз ара катышынын системасы. Сандар менен мүнөздөлөт, бул ал сандар үстүнкү жана астыңкы бир нече интервалдардын термелүүлөрүн аныктайт. Европа элдеринин бир үндүү музыкасы таза квинтага негизделген, ага карата 3:2 катыштагы пайдаланылат. Болжолу XVI кылымдан көп үндүү музыкада таза түзүлүш таралып кеткен жана ал квинтадан сырткары, чоң терцияга (5:4) негизделген. XVIII кылымдын башында калыптанган тездик түзүлүштөгү таза октава (2:1) 12 жарым тондукка бирдей бөлүнгөн.