ОРГАНИКАЛЫК ЭМЕС ХИМИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:29, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОРГАНИКАЛЫК ЭМЕС ХИМИЯ — химиялык элемент­тер жана алардан пайда болгон жөнөкөй жана та­таал химиялык заттар жөнүндөгү илим. Ал химиялык элемен­ттердин атомдорунун түзүлүшүн, касиеттерин толук изилдеп, алардан пайда болгон бирикме­лердин курамын, түзүлүшүн, касиеттерин жана молекулалардын түзүлүшүн изилдейт. 0. эле азыркы мезгилдеги техникаларда колдонууга жарактуу механикалык бекем, жогорку температурага агрес­сивдүү чөйрөнүн, радиоактивдүү нурлардын таа­сирине туруктуу касиеттерге ээ болгон жаңы материалдарды алат жана алардын илимий негизде­рин иштеп чыгат. 0. э. х-нын теориялык негизи бол­гон стехиометриялык закондор - массанын сак­талуу, курамдын туруктуулук, эселик катыш, эквиваленттер жана газдар аракеттенишкендеги жөнөкөй көлөмдүк-катыш закондору химиялык айла­ныштардагы заттардын сандык катыштарын аныктаса, Д. И. Менделеевдин мезгилдик зако­ну жана анын негизинде түзүлгөн элементтердин мезгилдик системасы О. э. х-нын өөрчүшүнүн негизги фундаменти болуп кызмат аткарат. О. э. х-нын өөрчүшү 19-к-дын 2-жарымына

че­йин жалпы химия илиминин өөрчүшү менен бир­дикте жүргөн. Органикалык эмес заттар жөнүндөгү алгачкы маалыматтар (металлдар - алтын, күмүш, жез, темир, коргошун, калай, сымап; көмүртек, күкүрт сыяктуу металл эместер) эзелтен эле бел­гилүү болгон. Ошол мезгилдеги металлдарды (жез, коргошун ж. б.) алтын, күмүшкө (асыл металлдарга) айландырууга багытталган иштер алхимиянын өөрчүшүнө алып келген. Алхи­миянын мезгилинде өтө маанилүү минералдык кислоталар НС1, Н28О4, ННО3, ошондой эле таза Аз, 8Ь, Р алынган. Кайра жаралуу мезгилинен баштап ме­таллургия, айнек, боёк, тери ашатуу ж. б. техникалык процесстер өнүгө баштаган. Бул убакта экспе­рименттик байкоолор жана машыгуулар, лабор. аспаптар, заттарды тазалоонун ыкмалары (кри­сталлдаштыруу, буулантып айдоо, кайнатуу ж. б.) өздөштүрүлгөн. 18-к-дын башында фло­гистон теориясы илимде өз ордун алып, бул те­ория ката болсо да, бир катар химиялык кубулуш­тарды бир жалпы көз карашта түпгүндүрүүгө ара­кет жасаган. 1756-жылы М. В. Ломоносов, кийин­черээк А. Лавуазъе флогистон теориясын жок­ко чыгарып, күйүү кычкылтек менен заттардын ортосунда ишке ашкан реакция экенин далил­дешти. 1789-жылы А. Лавуазье элементтердин тиз­месин жарыялап, заттарды атоонун рационал­дык системасын сунуш кылган. 19-к-да атом­молекулалык окуунун теориялык негиздери иштелип чыкты. Атомдук массаларды аныктоо жана тактоо, стехиометриялык закондордун ачылышы жана химиядагы негизги түшүнүктөр (атом, молеку­ла, эквивалент, валенттүүлүк жөнүндөгү) аныктал­ган. Ал учурда бОтан ашуун химиялык элемент бел­гилүү болуучу. Булар 1869-жылы Д. И. Менделеев ачкан элементтердин мезгилдик законунда сис­темага салынган. 19-к-дын аягы - 20-к-дын ба­шында металлургия, машина куруу, электр-химиялык ө. ж-нын өзүшү менен түстүү металлдарды колдо­нуу кенейген. 1915-жылы немис окумуштуусу В. Кос­сель, 1916-жылы америкалык физикалык-химик Г. Льюис ва­ленттүүлүктүн электрондук теорияларын сунуш кылышкан. Жаңы элементтерди издөөдө дани­ялык физик Н. Бордун атомдун түзүлүшүнүн кванттык теориясы (1913-жылы) чон роль ойногон. Табигый радиоактивдүүлүктүн ачылышы менен химияда жаңы тармак - радиохимия пайда болгон. 1934-жылы жасалма радиоактивдүүлүктүн ачылышынан баштап табиятта кездешпегён химиялык элементтер жана изотоптор алына башта­ган. 20-к-дан 0. э. х-нын бир катар тармакта­ры-комплекстүү бирикмелер химиясы, физикалык-химиялык анализ, стехиометриялык эмес бирикмелер, сей­рек элементтер химиясы, органикалык эмес ири молеку­лалуу бирикмелер, жер семирткичтер химиясы, болот жана чоюндун химиясы, космос химиясы ж. б. бөлүнүп чыкты.

Ад.: Коттон Ф„ УилкинсонД. Ж. Современная неор­ганическая химия//Пер. с англ. М., 1969; Реми Г.

Курс неорганической химии//Пер с немисче М., 1972- 74; Некрасов Б. В. Основы обгцей химии. 3-е изд. Т. 1-2, М., 1973. Асанов Ү., Кудайбергенов Т. Рыс­мендеев К. Жалпы химия. Б. 1998.

|Д. Рысмендеев. |