ОРГАН
ОРГАН (грек. organon - аспап, курал, шайман) — клавишалуу үйлөмө аспап. Байыркы заманда пайда болгон. Ал металлдан, жыгачтан түрдүү узундукта жасалган түтүктөрдөн жана пневматикалык системадан, ошондой эле регистрлерди өзгөртүүчү жана клавиатураларды бир-бирине улаштыруучу механизмдерден турат. О-да 1-7 мануал (ар биринде 72 клавиштен), бут менен басчу педаль жана бир нече миң түтүк (добуш чыгаруу куралы) болот. О-тектеш аспаптар - волынка, байыркы кытай шэни, европалык Пан флейтасы. 14-к-дан 18-к-дын ортосуна чейин О. батыш Европага алгач чиркөөлөрдө хорду коштоо максатында пайдаланылып, кийин жарандык аспап катары кеңири тараган. Соңку убакта камера-
лык, симфониялык музыканын өнүгүшүнө байланыштуу анча көп колдонулбайт. О. көбүнчө жеке аткарылат.
