ОРБИТАЛЫК СТАНЦИЯ
ОРБИТАЛЫК СТАНЦИЯ - Жердин, Айдын же планеталардын орбитасында узакка айланып иштей турган экипаждуу же автоматтык оор космостук учуучу аппарат. О. с-ына экипажды жеткирүүнү жана анын мезгилдүү алмашып турушун транспорттук космос кемеси ишке ашырат. Узак убакыт учуучу биринчи О. с. - СССРде («Салют») 1971-жылы, АКШда («Скайлэб») 1973-жылы Жердин орбитасына чыгарылган. 0. с-га космонавттын түздөн-түз катышуусу менен же автоматтык режимде иштөөчү жабдуулар жайгаштырылат. Бул болсо көптөгөн илимий жана колдонмо маселелерди - космос мейкиндигин, Жерди ж. б. планеталарды изилдөө, астрон.-физикалык изилдөөлөр, физикалык-техникалык, медициналык-биол. эксперименттер, метеорол. байкоолор, түрдүү технол. процесстерди ишке ашыруу ж. б-ды чечүү үчүн натыйжалуу каражат катары пайдаланууга мүмкүндүк берет. 1977-жылы 10-декабрда учурулган «Союз-26» космос кемеси менен космонавттар Ю. В. Романенко жана Г. М. Гречко орбитада 96 сутка болушту. Ашташып биригишкен «Салют-6» - «Союз-29» - «Союз-30» орбиталык илимий комплекси өз программасын аткаргандан кийин 1978-жылы 5-июлда учкуч-космонавт П. И. Климук жана космонавтизилдөөчү М. Гермашевский «Союз-30» космос кемеси менен Жерге кайтып келишти. «Салют-6»- «Союз-29» илимий из. комплекси учурулган «Прогресс-2», «Прогресс-3», «Прогресс-4» жүк транспорт кемеси менен ашташып биригишти. Космонавттар В. В. Ковалёнок жана А. С. Иванченков «Салют-6» - «Союз-29» - «Прогресс-2» орбиталык илимий станцияда берилген программа боюнча узак убакыт бою (140 сутка - космонавтикадагы биринчи узак учуу) илимий иштерди жүргүзүштү. О. с. орбитада планета аралык оор космос кемесин кураштыруу үчүн, ошондой эле Жердин жасалма спутниктерин мезгил-мезгили менен тейлөө үчүн база болот.
Ац-’ Циолковский К. Э. Собр. Соч. М., 1951-64; От космических кораблей к орбитальным станциям. 2- ое изд. М., 1971; Глазков Ю. Н„ Колесников Ю. В. В открытом космосе. М., 1990.