ОРАНЬЕСТАД

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОРАНЬЕСТАД - Аруба мамлекетинин борбору жана ири шаары. Аруба а-нын түштүк жээгинде, деңиз деңгээлинен 18 м бийиктикте жайгашкан.

1796-жылы форттун курулушуна байланыштуу пай­да болгон. Калкы 35,3 миң (2010). Жолдор тоо­му. Эл аралык (королева Беатрикс атындагы) аэро­порту бар. Гаванына көптөгөн круиздик кеме­лер кирет. Түштүк Америкадан, АКШдан, Европа­дан керектүү товарларды, азык-түлүк алат. Шаар архитектурасы голландиялык курулушка окшош болгону менен жергиликтүү өзгөчөлүктөр менен коштолот. Соода бор­борлору, дүр-дүйнө дүкөндөрү иштейт.

Шаардагы эс алуу жайы.